Өз заказдарыңызды платформанын айдоочуларына жарыялап, түшүрүүгө чейин алып баруу. 06.07.2026 версиясы.
Кабинет диспетчера: заказ и кошелёк
Сиз — жеке экспедиторсуз: өз заказчыларыңыз жана жүктөрүңүз бар, ал эми Track.com сизге аткаруучулар биржасын берет — жүздөгөн катталган айдоочулар менен транспорт компаниялары. Заказды жарыялайсыз → айдоочулар өз баалары менен жооп беришет → аткаруучуну тандайсыз → рейсти картадан көзөмөлдөйсүз. Заказчыңыз менен мамилелер өзүңүздө калат; Track.com — аянтча жана куралдар.
Сиздин сандар: капчык балансы жана калган жарыялоолор, иштеги заказдар, мезгил ичинде жарыяланган/аякталгандар, айдоочуларга төлөмдөр. Активдүү рейстердин картасы жана «Жолдо» тизмеси. Оң жакта тез аракеттер: Заказ жарыялоо, Капчыкты толуктоо, профилди оңдоо.
Логистика картасы активдүү рейстериңизди жандуу көрсөтөт: унаанын орду, маршрут, өтүлгөн жол. Ар бир этап (жүктөөдө, чыкты, түшүрүүдө, тапшырды) билдирме менен келет. Заказдагы «Бөлүшүү» баскычы ачык көзөмөл шилтемесин берет — аны заказчыңызга жөнөтүңүз, ал жүктү өзү көрүп турат.
Ар бир заказ боюнча документтер автоматтык түзүлөт (табыштама, айдоочуга тапшырма) — алар Документтер бөлүмүндө жана заказдардын карточкаларында. Track.com менен келишимиңиз — профилде.
Текшерилген айдоочулардын жеке тизмеси: телефон номери менен чакырыңыз (айдоочу Track.com системасында катталган болушу керек), ал тиркемесинен ырастайт. Системага жаңы, өзүңүз кепил боло турган айдоочуну кошкуңуз келсе — Track.com менеджерине жазыңыз, аны сиздин сунушуңуз менен кошушат.
Google Play дүкөнүндөгү Track.com тиркемеси (жакында App Store дүкөнүндө да) — толук кабинет телефондо: заказ жарыялоо, сунуштар, карта, капчык, чат жана чалуулар, келишимге манжа менен кол коюу. Ошол эле логин-сырсөз.
| Суроо | Жооп |
|---|---|
| Заказ жарыялай албай жатам | Текшериңиз: келишимге кол коюлганбы жана сыноо мезгили өтүп кеткен жокпу (дашборддогу тилке). Өтсө — капчыкты толуктаңыз же менеджерге жазыңыз. |
| Эч ким жооп бербейт | Бааны текшериңиз («Ставка суроону» сынап көрүңүз), даталарды (өтүп кеткен жокпу?) жана багытты. Адекваттуу баалуу заказдар тез алынат. |
| Айдоочу ырастады, бирок оюмдан кайттым | Ташуу башталганга чейин заказды жокко чыгарса болот — жарыялоо ошондо да эсептелет. |
| Айдоочуга кантип төлөйм? | Айдоочу менен эсептешүү — түз өзүңөрдүн ортоңордо, заказдагы шарттар боюнча. Track.com ташууларыңыздын акчасын өткөрбөйт. |
| Сырсөздү унутуп калдым | Track.com менеджерине жазыңыз — сырсөз жаңыланат. |
«Тракком» ЖЧК · Track.com · нускаманын версиясы 1.0 (06.07.2026)